Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өмүрбек Текебаев Бишкектин абасын кантип тазалоону айтты (видео)

16.12.2022 20:50
3387
Өмүрбек Текебаев Бишкектин абасын кантип тазалоону айтты (видео)


Бишкек акыркы жылдары дүйнөдөгү абасы эң булганган 5 шаардын катарына кирип келе жатат. Өзгөчө кышында адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда.

Кыргызстан боюнча абаны булгаган заттардын 50%га жакынын Бишкек шаары чыгарып, жылына 240 миң тоннага жакын зыян заттарды атмосферага чачат экен. Анын 180 миң тоннасын автотранспорттор чыгарат.
Кыргызстанда 20 автоунаанын 16сы нормадан ашык зыян заттарды чачышат. Ушундай эле абал Ош шаарында. Ал жерде да күнүмдүк автоунаанын агымы 120 миң автомашинага жетет.

Германияда Е5, Е10 стандартындагы бензиндер сатыка чыгат. Алар 10%га чейин спирт аралаштырылган бензиндер.

Германиянын этанол чыгаруучулар ассоциациясынын эсептөөлөрү боюнча, бензинге 10% ке чейин спирт кошулса, автомобилден атмосферага бөлүнүп чыккан каттуу зыяндуу заттар 75%га чейин, уулуу заттар 20%га чейин азаят экен.

Кыргызстанда бензинге спирт аралаштырып сатуу керек.

Кыргызстанда да бензинге 20%га чейин спирт аралаштырып сатууну киргизүү зарыл. Анда Кыргызстан көп утуштарга ээ болот.

Кыргызстан жылына 1,5 млн. тонна нефть продуктысын импорттоп алып келет. Анын 700 миң тоннага жакыны бензин. Биринчиден, эгерде, биз бензинге 20% спирт аралаштырып сатсак, бензинге кетип жаткан 500 млн. доллардын 100-150 млн. доллары Кыргызстанда калат. Бул айыл чарбасына жылына 8-10 млрд. сомдук колдоо болот.
Экинчиден, энергокоопсуздукту камсыздайт, анткени, бензинди сырттан ташып келүү 20%га азаят.

Үчүнчүдөн, дыйкандардын кепилденген кирешелери көбөйөт.

Эн негизгиси, өзүбүздүн экологиялык маселелерибизди чечебиз.

Кыргызстанда спиртти кант кызылчасынан жана картошкадан чыгаруу максатка ылайыктуу. Бүгүн Кыргызстанда 8 миң фермалык чарба же, 80-90 миңге жакын адам кант кызылчасын өндүрүп иштешет.

Кыргызстанда жылына 1 млн. 300 миң тоннага жакын картошкалар өндүрүлөт. Аларды сыртка сата албагандан улам, Кыргызстанда кайра иштетилбегендиктен, 500 мин тоннага жакыны чирип жок болот. Эгер, Кыргызстан 150 миң тонна спирттин жарымын кант кызылчасынан, жарымын картошкадан өндүрсө, анда 600 миң тонна картошка спирт өндүрүүгө керек болот.

Картошканы негизинен башка түшүм бышпаган, тоолуу жерлерде өстүрүү керек. Ошондо, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунун эли жылына миллиарддаган сом дотация алып, кирешелери көбөйөт. Ошондой эле Чүй боорундагы кант кызылчасы менен иштеген дыйкандардын да кирешелери көбөйөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн