Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда

15.03.2024 09:55
149
"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда


"Манас" эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2500 миң чарчы метрди түзгөн VIP-залдын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Тагыраагы VIP-зал - "Манас 2" имаратынын 2-кабатында орун алат.

"Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-залдын орду жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имаратка кошулуп, бардык шарттары менен жасалып өз ишин баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн