Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Точка" каймана аты менен белгилүү А.Б. СИЗО-1ге 2 айга камалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал тергөө абагында 2 ай болот.
Эске салсак, 4-февраль күнү Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери кармоо иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн