Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:54
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

"Женгонун" адамы ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы менен кармалды

14.06.2021 14:36
1616
"Женгонун" адамы ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Т.И.М.” кармалды.


Такталган боюнча, 2021-жылдын 18-майында К.Досоновдун “Т.И.М.” башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун “Мерседес-Бенц” унаасын тартып алышып, "общаковская кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумын деген "Р.у.А." кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.


Кармалган “Т.И.М.” Ош облустук жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн