Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов абактан чыкты

"Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов абактан чыкты


"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.



Ушул жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 207-беренесинин ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу") 3-бөлүгү, 215-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган. Ал эми 15-декабрда иш Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган.

17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу соттук териштирүү башталганга чейин алдын ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Өтүнүч 23-декабрда каралып, канааттандырылган.


Жазык-процесстик кодекстин 166-беренесинин талабына ылайык, айыпталуучу Досоновго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалып, сот залынан бошотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн