Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Өткөн күндөр эми меники эмес, сеники “Көк дептер”

21.01.2021 09:58
863
Өткөн күндөр эми меники эмес, сеники “Көк дептер”


Көк дептер

Өткөн күндөр эми меники эмес, сеники “Көк дептер”. Бул күндөрдү мен өткөрдүм эми сен өткөр. Силер узак жашагыла. Ичинде баарың барсың, адамдар. Анткени анда балалык бар, балакат бар, жетилген күлгүн курак бар, достук менен кастык бар, сагыныч менен өкүнүч бар, айрылуу бар, студенттик жаштык бар, турмуш бар анан дагы сүйүү бар… демек барыбызда бирдей тагдырлар…

Тиш щетка

Эсимде жок, канча жаштабыз, иним Марат экөөбүз чоң үйдүн фундаментин чакаларга суу куйуп алып, тиш жууган щеткалар менен жууп чыкчубуз. Эмне үчүн тиш щетка менен аны айта албайм бирок эсимде так калганы: «Үйгө аяш атамдар келип калса уят, жууп туралы!” деп айтчубуз. Бул да болсо АТА темасынан келип чыккан иш эле… Анткени эң жакын аяш аталарым үйгө келген сайын окуп аткан окуубуздан баштап, жашобуздан баштап сурап келип анан да жашап аткан үй тууралуу сөзсүз айтышар эле: “Атаңардан калган жалгыз белек ушул үй, жакшы карагыла!” деп. Ошол нерсе жүрөгүбүзгө орноп калса керек. Бир чөгөлөп, бир тизелеп олтуруп алып щеткалар менен шыртылдатып жууп атканда цементтен бирде кызыл, бирде кара кумурскалар чуркап чыкчу. Кызыл кумурска СССРлер, кара кумурсканы немистер дечүбүз. Шуулдаган кара немистерди айнектин сыныктары менен “Колго түштүң!” деп бастырып коер элек. Байкуш “немис” айнектин артында тыбырчылап жатып калчу. Бир кезде короого биз теңдүү бир тестиер бала кирип келет: “Сакен жеңем барбы?” Биз шарт тиш щеткаларды артыбызга ката калчубуз, тартынып: «Жок, жумушта». Анда тиги бала: «Муну апам тоодон берип жиберди…» деп колундагы гезитке оролгон нерсени бизге сунат. Мен щетканы билгизбей артыма таштай салып, гезитте оролгон салмактуу нерсени алам. Бала кеткен соң экөөбүз үйгө чуркап кирип, чай ичкен тегерек жалпак үстөлгө алиги гезиттегини коюп шарт-шарт ачып жиберебиз - ал жаңы тууган уйдун тимеле ширин уузу болчу… Тоодон берип ийишкен тура! Экөөбүз шилекейибиз агып турса да «Апам келсин!» деп уузду алып өйдө коюп коер элек. Ал кезде айылдыкдардын, туугандардын, жакындардын дегеле адамдардын катышы да ошондой ууз сымал керемет эле, таза эле…

Биздин айылдын Пушкин, Горький, Гоголдору…

Бир жылдары мектеп катуу киришип, бүт класстарды ремонттон өткөрүп, эң башкысы математика классын, география классын, орус адабият, кыргыз тил жана адабият айтор бардык предмет боюнча атайын класстарды уюштурду. Биз химия кабинетинде көп окудук. Химия мугалими Саткын эжекебиз пробиркалар менен иштеп жатканда мына азыр ар түркүн көрүнүштөр кыймылга келип, буркулдап-шаркылдап суу кайначудай, балп этип от жанып мына азыр класс ичинде сыйкырдуу бир кубулуш кубулчудай эжекенин колдорун теше тиктеп күтчүбүз. Ал эми эки жаш улуу агам Бакыттардын классына орус адабияты классы тийип ошол жерде окушту. Орус адабияты классынын дубалында орус адабият дөө-шааларынын дэээрлик баарынын портреттери илинип турчу. Анан алар жөн калабы, класстагы ашынган бейбаш “аяш акелер” класстагы балдардын өң-келбет, жүрүм-турум, мүнөзүнө жараша баягы дубалдагы дөө-шааларды класстагы эркек балдарга энчилей баштайт. Агам Бакыт чап жаак, арыкчырай болгон үчүн ага акын А.С. Пушкиндин атын беришет. Сагын агабыз бою кичинекей болгон үчүн ал акын-жазуучу Николай Гоголь аталат. Көзү өтүп кетти агабыз Байкеге айтылуу Максим Горький ыйгарылат. Ал агабыз тамашаны өтө сүйгөн, жакшы адам эле. Кийин өзү да мектепте мугалим болду. Дүйшөк агабызга атактуу адабият-сынчысы Белинскийди ыйгарышат. Айтор ошентип бүт балдарга ат ыйгарып чыгышат. Анысы бир паста бүт мектепке жайылат. Баарыбызга, бизге, ата-энелерге жетет. Айрым ата-энелер арданып: “Ийе атаңоозунурайындар баламды … деп койгону имнеси, имнеси окшош экен ага?!” деп чычалагандары болгон. А үйдө болсо иним Марат экөөбүзгө табылбай калды, Бакыт менен урушуп кеткен сайын айтабыз “Пушкин эле Пушкин!” деп. Апам болсо эркелетип “Пушкиним!” деп күлүп калчу. Айтор ошол ысымдары эмгиче калды. Бала кездеги алардын бир саат ичиндеги оюн кылган тамашасы ошо бойдон айтылып калганын айт. Ошентип биздин мектептин орус адабият кабинетинде орустун дөө-шаалары сүрөт-рамкадан аттап өтүшүп, биздин мектепке тирилип чыгып келишкен эле…

Кычан Жакыпов

Мектептин 2-корпусунда актовый зал дегенибиз бар эле. Узун, жарык, чоң класс. Кышында да өзгөчө жылуу болчу, күн тийип. Анан калса досканын жанында биздин кулач жетпеген капкара чоң контрамарка тураар эле. Сабак өтүп атсак контрамарканын артынан, залдагы оозунан “сторождун” көсөө менен чукулап, калак менен дүп-дүп эткирип көмүр салып атканы даана угулуп турчу. Биринчи мугалимим Канымкан эжей доскада ары бир, бери бир басып сабак түшүндүрөт. Эжекенин кышында салынган калың тыбыт жоолугу болоор эле, кээде аны мойнунан албаган бойдон контрамаркага жакын барып ага колун басып жылытып койчу. А меш ичинде дүр-дүр этип кара көмүр күйүп атчу. Бул класстын терезесине карегим көп кадалды, доскадан сабак түшүнгөндөй ушул терезеден айылды, тоолорду, колхозчуларды анан да жылдын төрт мезгилин карап, тасма сымал көп сыйкырды түшүндүм, алар чыккыс болуп, кеткис болуп жүрөктө, ойдо, эсимде калды. Кийин-кийин ушул класстын, ошол терезесин көрсөм өзүмдү, турмушту таанып келаткан 7-8 жашар ошондогу көзүмдү көрөм…

Бир күнү биз үчүн өзгөчө сабак болду. Канымкан эже аны кайдан таап келди билбеймин, Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Кычан” повестинин чоң кара пластинкага жаздырылган үнүн советтик “проигрывателге” салып бизге угузган. Ошол күнү куду мен альбомдун барагына жылдызча кылып тарткандай миң түрлүү жылдызча кар жаап аткан. Тимеле мелмилдеп, ансыз да ак жамынган айылга үнсүз сөзсүз лапылдап, кар түшүп аткан. Бир кезде кара чоң пластинка айланып, кайсы бир үнү мукам актердун үнү угулду: “Чөптү күтүр-күтүр чайнап…” Повестте так ушинтип сүрөттөлчү. Бул Кычандын уй кайтарып жүргөндөгү аты болчу… Окулган коңур үн, чымын үнү угулбаган класстын ичи, тээ арыда машине өтсө да үнү карга жутулуп терезеде табият мемирейт десең тимеле! Эгер алаканга салып карап көрсөң коллейдоскоп ичиндеги формалардай сыйкырдуу карлар аппак болуп түшүп атат… Кар! Алар бизге кооздук, алар бизге тазалык, алар бизге жылгаяк, алар бизге мурду узун аяз ата, алар бизге моюнга салып, чачышкан балалык жомок эле, балалык сезим эле, өзү муздак кар а жүрөктү жылыткан эстен чыкпас балалык сүйүү эле, ошондогу жааган кар!
Кычан! Кычан бейкапар уйду жайып коюп, китеп окуйт. Жанында минген аты чылбырын сүйрөп, күтүр-күтүр чөп оттойт. Ана, бир кезде тээтигинде, камышта бир караан турат. Капсалаң майрык Жумаалы турат аны аңдып… Баарыбыз ошол окуяга берилебиз. Эми эмне болот?! Жумаалы Кычанга тийбесе экен! Ал болсо бейкапар китеп окуйт. Кычан Жакыпов, 14 жашар советтик пионер. Ал өз айылындагы басмачыларды Советтик бийликке коркпостон туруп салып берген. А алардын арасында жалгыз Жумалы Байсеркеев качып кеткен болчу… Эми ал өткөндөн өч алмакка жаш Кычанды өңүп келди. Колунда жалаңдаган канжары бар…

Кара чоң пластинка тегеренет. Коңур үн – бир Жумалыны, бир Кычанды сүрөттөйт. Биз баарыбыз элейип үндү тыңшайбыз. Улам элейип коркуп, улам сыртты, улам карды карай берип ошол күн кинонун тасмасындай эсимде так калыптыр. Анткени, бир кезде, Жумаалы далбаңдап чуркап келип жаш баланы чыңыртып союп кеткен…!
Пластинка бүттү. Баарыбыз Канымкан эжекени карадык. Эжеке ууртун тартып, жылуу жылмайып: “Кана балдар, жактыбы?” деген менен эжеке да 14 жашар баатыр-пионерге боору ачып, аны аяп, ичи ачышып турган болчу. А терезеде кар жаап аткан. Кар жаап аткан…

Кой кыркын. №16 - кыркымчы

Тестиер кезимдин бир жайында кой кыркында койго номер баскыч болуп иштедим. Классташым Залкар да бар. Менин милдетим - кыркымчылар кыркып бүткөн койлорго ошол кыркымчынын номерин жазып туруу. Ар бир кыркымчынын номери болот. Сен жазган номер боюнча кыркылган койлорду карап “Аа муну баланча кыркымчы кырккан турбайбы. Жакшы кыркыптыр же тескерисинче начар кыркып коюптур, жүнүн калтырып же кескилеп салыптыр…” деп фермалар карап турчу. Ошол үчүн бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш. Эң жаманы айрым кыркымчылар койдун толорсугун же ичин жарымынан жара кесип алгандар болот. Эгер эле ошол койго номер басылбай калган болсо анда эле шоруң катты, чабан келип: “Ме балам, бул кой сеники, өкмөткө өзүң жооп бер, өзүң төлө, мен муну мал кыла албайм!” деп алдыңа байлап берет. А номер баскан болсоң ошол кыркымчы өзү жооп берет. Ошол үчүн номурчулар көзүңү чоң ачып, чуркап иштешиң керек. Номурчунун колунда жалгыз куралы болот, ал – сажадан эзилип жасалган, кара сыя куюлган калай идиш жана анын кыл калеми. Койдун бир капталы кыркылып калган болсо эле барып жаза калсаң болот. А кээде жарышып, шашып кырккан кыркымчылар: “Эй, кое турсаң боло, мишайт этпей, колдун баарын көө кылып!” деп күңкүлдөп алгандары болот. Мына ошондой күндөрдүн биринде мени кудай урду: эшикке чыгып тээ кыштактан келчү Кызыл-Бел, токой-чер тараптарды бир карап келе калган адатым бар эле, бир кезде “кой, кирейин” деп чуркап кирсем эле сарайдын ортосундагы калың столбада жарымынан канжалаган бир кой шелпейип байланып турат. Капталынан чоң карыштай териси артка сыйрылып, тимеле такымга түшүп салпылдайт. Кан аккан сайын байкуш койдун денеси титирейт. Ким кыркты муну?! Ким кести муну ыя?! Кантип көрбөй калдым, бир пастын ортосунда! Балким жазган болуп жүрбөйүн деп үмүтүм болбой койдун болгон жагын тегерете карайм – таптаза, эчтеме жок! А эң жаманы эмне дебейсиңби! Дал ошол саатта өзүмдүн көздөй жакын тууганым чабан Бүдүк абамдын кою кыркылап аткан. Кудай урбадыбы мени. Эми эмне болот, эми кандай кылам?! Кыркымдын фермасын бир элестетип кыйналсам, кабагын чытып, колу бошобой ары-бери чуркап жүргөн Бүдүк абамды бир ойлоп заманым куурулат. Кою кыркылп аткан чабандар үчүн кыркым күн бул өтө чоң күн, бир жылда бир келчү экзамен күн, отчет күн. Анткени “кой башына мынчадан жүн айланды” деген отчет болчу күн. “Айланайындар, таза кырка көргүлө!” деп чабан бир, чогуу келген болсо чабандын аялы бир безилдеп, кыркымчыларга чаначтан кымыз куюп жүргөн болушат. Бүдүк абам мага түз айткысы келген эмеспи бирок “Эмне кылсаңар ошо кылгыла!” деп столбага койду байлап кеткен экен… Кой байланып турган туштагы кыркымчыларга: “Сиз кырктыңызбы муну?” десем “Жок ой, мен эмес!” дешет. Айтмак беле! Заманам куурулат. “Бул койду кантип төлөйм, айлыгым ушуга кетет го!!!” Биз менен кошо кыркында Бүдүк абамдын улуу кызы Салтанат эже да иштечү. Жетип бардым: “Ушундай болду… Ыя эже, эмне болот эми, имне кылам?!”. “Алдыңа кетейин, мен билбейм эми эмне болот…” Баш-кабакты салбыратып, жумушумду улантам. “Дагы башкасы кесип салбасын!” деп. Нары өтүп, бери бери өтүп “энчиме тийген” тиги кургур койду карап өтөм. Жүнү алынганга, капталы сыйрылып кесилгенге жонун түктөйтүп, байкуш кой калчылдайт тимеле. Ансайын мен кыйналам. Аңгыча түш болуп, тамакка чыкчу учур келди. Кыркымчынын баары машинкаларын токтотуп, сарайдын цементин кара чыбаш өтүктөрү менен сүрө басышып, эшикке чыгып кетишти. Стеллаж-сарайда жарадар кой экөөбүз эле калдык. Кыркылган койлор сырттагы короого чыгарылды. 15 тей кыркымчынын ар биринин көз карашы, кыймыл аракет, сүйлөгөн сөз, кылган мамилелерин элестетем. Ким ыя? Кимиси болушу мүмкүн ыя?! Мына башынан санайынчы: “Нуралы байке… жо-ок , Нуралы байкем кесип алган күндө да эч качан мага минтип таштамак эмес” “Анда бу байкечи… тигичи….?” Баарын четинен санап, жылдызым түшүп олтурсам бир кезде эле сарайга Залкар шашып чуркап кирди. Кирип эле “Эй, мен билем муну ким кести, мен жүн ташып атып көрүп калбадымбы!” деди. “Койчу!!! Ким, ким ал!?” “Т. !!! деди Залкар ишенимдүү. Мен өз көзүм менен көрдүм, Т. кыркып атып кесип алды!” деди мага сыймык менен. Чыдабай Залкарды кучактап ийдим. Ошо замат “Ок, кайран гана Т. байке! Кармалдыңызбы!!! Т. байке турбайбы көрсө! 16-номер турбайбы көрсө!!! деп туруп ойлонбостон чуркап барып сажа куюлган сыр челегимди алдым да койдун эки капталынын бүтүн жерин калтырбай балтайтып “16” деп жазып чыктым. Тимеле чоң кылып, тимеле майлуу кылып, өчүрө албагандай кылып, чабан абам менен Т. өзү дапдаана көргөндөй кылып жазып салдым. “Ураа-аа!” дейм сүйүнүп. Мени көрүп чоң жакшылык кылганына корстон болуп Залкар андан сүйүнөт. “Жүрү эми кеттик, курсак ачты, эттен айда жейличи!” деп күркүрөп агып аткан Семиздин суусунун боюндагы токой-ашканага корстон болуп, узун тактай олтургучка балп этип олтуруп калабыз. Кыркымчылар бакылдашып, бир-бирине тамаша ыргытып эт жеп атышат. Көзүмдүн кыйыгы менен акыры-ын Т.байкени карап коем. Шашпай эт жеп атат. “Жей бериңиз, шашпай жей бериңиз азырынча…” дейм ичимен кайра-кайра Залкарга ырахмат айтып. Тамак желип бүтүп, бата кылып эс алганы чатырларга кеттик. Арадан бир саатча убакыт өтүп боз үйлөрдүн үстүндөгү булакка бардым. Кайың, карагайлар арасында шорулдап аккан сонун булак бар эле. Барсам так булакта Т.байке колун жууп олтуруптур. Мени көрүп эле: “Ии, таап алдың мени ошентип… Жанагы жылмаңдаган Залкар досуң айттыбы? Нең дур-райын!” деп койду ал. Көрсө чабан номерден улам ошол замат Т.га барган экен. “Жо-ок, Залкар эмес, мен өзүм көргөм” дедим да ары токойду көздөй басып кеткем.

Чоң Бычандын ушул кыркын пункту турган жерди Төлө деп коюшат. Совет учурунда сөздүн түз маанисинде жомоктой күндөр өттү ушул жерде. Бейиштин бармак басымдай жери эле ошол Төлө. Ошол Бычан. Мен үчүн бүтүндөй балалыгым бир тең, дал ушул жер бир тең эле. Эгерде жүрөгүмдө түк өсүп, канат бүткөн болсо дал ушул жердин касиети көп тийди деп, ушул жердин жарыгы көп тийди деп билем. Тоолордун ийнине башымды жаздап, кээде алар башын мага жаздап… чогуулап чоңойдук биз. Алиги кара сажам менен сарайдын ар жерине атымды жаза берээр элем. Кечээ кийин ал жерге барсам баягы шаңдуу пункт-сарайдын жерге баткан төрт дубалы анан да бир кезде мен жазып койгон “Жеңишбек” деген үсүл-кесил сөз калыптыр жазылган.

Жеңишбек Эдигеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн