Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен депутат Бактыбек Райымкулов айтыша кетти.
Жыйында Марипов депутаттардын сынына карата кадр саясатына кийлигишпөө тууралуу айтты. Депутаттар кадр саясатына ким кийлигишип жатканын сурашты.
"Мына Бактыбек Кемелович Панфилов районунун биринчи орун басарына өзүнүн адамын сунуштады. Аны мен койбосом мени жаман көрөсүңөр", - деди Марипов.
"Ал бардык тепкичтен өткөн. Өзүңдү ар жерге барып селфи кылбай, кет", - деди депутат.
Ага жооп катары Марипов "Анда менин ордума келип иште" деди.
Пикирлер (4)