“Алай” клубунун айланасындагы ызы-чууга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.
“Комиссия түзүлгөн жана бул маселе боюнча иштеп жатат. Жыйынтыгын жакынкы күндөрү айтабыз. Учурда ар тараптан маалыматтар алынып иштер жүрүүдө. Айлык акылары да берилет”, - деди Абсаттаров.
Буга чейин, команданын капитаны Одил Абдурахманов атайын комиссия келе электигин билдирген. Ошондой эле сөздү клубдун жетекчиси Алмазбек Сулаймановда айткан.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрия тарабынан каржыланган “Алай” командасынын оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай клубдун жетекчилигин кызматтан алууну талап кылып чыккан. Шаардын мэриясынан “Алай” клубунун ичиндеги нааразычылыкты аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, спортчулардын айлыктары берилерин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн