Бугу 07, 2024
Убакыт: 21:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө

01.05.2020 21:26
26225
ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө


Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымал.


“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө.


Уюм мындай абалдын күтүлүп жатышына Тажикстандагы карантиндик режимдердин сакталбаганы себеп болот деген бүтүмүн чыгарган. Ал эми тажик бийлиги Дүйнөлүк банктын бул божомолуна жооп бере элек.

Пикирлер (24)

Коопсуздук коду
Элдияр
Дуйнолук банктын ошончо адамдын каза болоорун кутуп жатканы кызык экен
Коля
https://youtu.be/Y6H82sK6wCA
Умаров Нурбек
Аллахым баарыбызга шыпасын берсин, кармаган орозонуздар кабыл болсун...
Сс
Бул маалыматка ишенбегиле. Жалган. Өзгөчө дб, воз, абр, мвф баары элдерди кулга айландырууга багытталган уюмдар.
Зарина Асанова
Алла шыпасын берсин! Бул сыноо, буйруса отуп кетебиз