Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16415
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Аноним
Биздин атка минерлер башкара албады.Туура эле маселе. Россиянин жашоосу бизден ойдо болуп жатбайбы. Башкарганга денгээл жетбейт.
Баха
Ал мындай эле бизди башка Эл башкарса ага баш ийебиз ошого конуп калганбыз, озубуздон болсо баш ийгибиз келбейт тенсинбейбиз Коро албайбыз мына кыргыздын оорусу тее илгертетен келе жаткан каныбызга синип калган.
Аноним
Озубуздуку баштары жетбей жатса кантебиз.Кытайдан карыз ала берип кытыйга кеткиче.Орусия менен жашаганыбыз он деп эсептейм. Чек ара чечилет.
Гулмира Султанмуратова
Кошулганыбыз макул Кыргызстан жок болгончо ,жашоо женил болот элибизге,мен колдоймун.
Мекенчил
Эч качан кошулбайбыз оруссияга дагы кул болгунар барбы онукпосок дагы Эркин жашоо оз мамлекеттен отоору жок Ата бабалврыбыз ушун курмандыкка барышпады беле, эркиндикти самап келишпеди беле эгемендуулуктун баркын билбегендерге мен тан калам кошулуп кетели деп койушат.
Баха
Эч качан кошулбашыбыш керек эч качан.
Кыргыз жараны
Ооба биздин келечек кытайдын колуна тие тургандай көрүнөт тез арада чиновник атка минерлер ойлонуп туура жолго үндөбөсө турмушубуз кытайча болоору алыс эмес туугандар азыр евросоюз эгерде Россияга кошулганга аракет жасаса такыр мүмкүнчүлүк да жок себеби ортодо Казакстан биз афтономдук болуп калабыз эгерде Россияга кошулган болсок бирок Кытайга жэм болгучакты эртерээк ойлонуш керек выше сидящие күркүрлөр а то опасность приближается нам деп ойлойм ээх кыргызым ушул акыбалга түшөт деп ким ойлоду эле