Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16445
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Курманалива Жыпаркуль
Абдан жакшы болмок мен колдойт элем Россиянын курамына кирууну
Баатыр
Өтүүнү каалагандар КЫРГЫЗСТАНДЫН эгемендүүлүгүнө кол тийгизбей өтө бергиле
Кубаныч
Эн туура болот кошулса. Оз алдынча биз онуго албайт экенбиз
Асанова назира
мен каршымын неге орустардын козун карап жашоо керек. Оз алдынча болдукпу кошулуунун кереги жок.
Рамзан
Сен эриндин козун карап жашай бер.башын жетпесе жазба