Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16381
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Нурик
Курамына киресин. Да желегиле болбосо кыргызстан рассия леда. Орусча суйлойтбары. Закон дорубуз саюздун калган бойдон. мурунку.
Э.Рахмонова
Ооба мен да кошулам.эн туура чечим деп ойлоймун..Эгер Россия кабыл алса кошулуу керек... Россияга отсок союз кезиндегидей жашоо болот деп ишенем...минтип жерлерибизди сатып олтуруп бир канча жылдардан кийин кытайга кул болгончо
Уларова
Россияда карапыйым элге тиешелуу коррупция жок,мектеп,садик,больницаларга бекер кайрыласын.Бизде роддомдон баштап коррупция чонураак болуп иштеп калганы элди ойлобойт кантип байысам дешет. Карапайым эл учун Россияга кошулганыбыз жакшы.
Кыргыз
Менин оюмча биз эркиндикти сүйгөн эл болгондуктан АКШ менен бир болгон жакшы деп ойлойм.Аткени ал өлкөдө мыйзам бар, а орустар менен бирге болсок тилиңди, жериңди жоготосуң.
Касымов Шайлоо
Кантип ушундай пикирди айтып атасын.кайсы коптогон кылымды айтып атасын. Укундо орустардын канча мин деген кыргыздарды кырганынунуттунбу. Кудайдын мээрими м. Н коз карандыкты алсак,озубуз мээни иштетип бул покаления кетип билимдуу патриот жаштарыбыз келсе онолобуз. Сен россиянын шпиону болуп кеткенсин го. Посол кантип болгонуна тан калам. Боштондук учун кырылып атышпайбы. Кыскасы мээн деле жок экен.
Урмат
Кыргызстан озун озу башкарып кете албайт,мондай калпта журуп отурса тундугунон кытай туштугунон террорист таджик озбектер ээлейт,жаны поколениян мээси жок эрчимелер