Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16316
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Асан
Канчалаган улуттар эгемен болууну, өзүнүн туусу, ажосу болууну самашат. Намысы жок адам гана эгемен болуудан баш тартышы мүмкүн. Орусияга кошулууну колдоо такыр акылсыздык!
Айгерим
Россияга кошулабыз дегендерди жанчып салгым келет. Россияга кааласанар, мекенин жакпай жатса оз каалон менен кошулууга толук мумкунчулук бар Антип бут элди угуттоонун кереги жок. Оз элинде журуп сасыткысын.
Рустам
Аа эмнеге кошулуубуз керек! Эгемендүүлүкө жетүү үчүн канчалаган ата-бабаларыбыздын канынын төгүлгөнүн унуттунарбы эмне? Кошулсанар эле жыргап калбайсынар эсинер барда этегинерди жыйгыла эй эл душмандары!
Шамшиев
Аа эмнеге кошулбайбыз!? Кыргызстан Россиянин составына кошулбаса акыбалыбыз оор, карызы коп, кытайга алдырып коюшубуз мумкун
Калия
Эч качан колдобойм кошулуу бул аларга Кул болуу деген эч качан умут узбогуло кыргызтан онугот. аябай жаман ой экен Оз балдарынардын келечегин ойлогула Оз балдарыбызды урпактарыбызды Кул кылып берууго макулбузбу эч качан макул болбойм кудай сактасын
Эльмир
Өзбек, казактардан эмнебиз кем? Алар кошулабыз дегенин угуп элекмин...Намысың барбы кыргызым, же курсактан башка эч нерсени ойлобой калдыңар беле?