Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда

12.05.2020 16:50
13799
Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда


Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.


Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.


Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, - деп жазылат арызда.


Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.


Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  


Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Пикирлер (26)

Коопсуздук коду
Мира
Албетте оорукананы жамандаган уят.бул жер оорукананы эмес именно ошол оорукананын жеке менчике айлантырып алган,мыйзамды жана оз ишин мыкты билбеген дарыгер жана анын посредниги жонундо соз болуп жатат.Оорукананы эч ким жамандабайт.бирок 10.20 мин сом менен жумушка кирген.5000 менен категория туурлап берген дарыгерлер биздин омурубузду кантип сактайт деген ой келет.
Мир
Мейли бала бакча болсун,оорукана болсун кандай гана мамлекеттик ишкана болгондон кийин оз кызыкчылыгы учун эмес ,мыйзамдуу турдо иштеш керек.Албетте оорукана- бул дартыбызга шыпаа тапкан жай,ак халатчан дарыгерлер омурубузду сактап калган адам.бирок А.Кожомов менен Сайрагул дегениге туш келсе бир бечара олуп калатко акчасы жок болсо.Мен башкы врач болуп Гиппократ антын бузбаган.,чын чыл,ынсаптуу.элдин акысынан корккон ,акчага сатылбаган .так иштеген,баарына бирдей мамиле кылган башчы болуусун каалар элем.
Диля
Кызыксынар туугандар бул жерде оорукана жонундо соз болуп жатса эмне учун комментарийге ар кайсыны жаза бересинер. Бала бакча ал бакчада а оорукана ооруканада. Мындай кундору бакча иштебеседа кунубуз отот экенго. А оорукана жок болсо эмне кыласынар. Анан жазганда да ойлонуп жазсанар жакшы болсок....
Айка
Бул турган соз. Себеби откондо бир Келин мага чалыптыр мага акча керек болуп жатат деп. Сен кимсин десем эже балдарым ачка калды дейт,анан десем 15мин сом сурап жатат мед айым болуп жумушка орношоюн десем дейт. Ким сурайт десем главрачка кирсем Сайрагулго жиберди ал биринчи 20мин сом деди озумдо 5мин сом таптым бар дейт. Мен ал келинди тааныбайм бирок азыр эмес эгер ошонндо зарыл болсо бироо жарымдан таап берём деп койдум. Кайра чыкпады. Эмнеге акча бересин деп сурасам иий эже сиз бул жактын мафиясын билбейт экенсиздаа деп коет.
Сайрагул
Ээ эже мен жон эле кирдиго, мед училища документеримди сурады жакшы эле иштеп анан айлык аз болгондугунан бир жыл иштеп Россияга кетип калдым
нур
Мен башкы врач болуп оорукананын жалпы админстрациясын алмаштыруу керек деген ойдомун.Бул башкы врач дагы анын ышкырса келчуу шариктери дагы бироонун акысынан,каргышынан коркпогон адамдар экен.