Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда

12.05.2020 16:50
13798
Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда


Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.


Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.


Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, - деп жазылат арызда.


Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.


Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  


Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Пикирлер (26)

Коопсуздук коду
Жибек
Азыркы учурда "ат дурбосо, эшек кошо дурбойт "болуп калган заман. Иштеген кишинин эмгегин коро албаган заман, иштебегендер балык болуп отуруп, башынан сасыган заман. Бирок "Ак ийилет,бирок сынбайт "деген макал дайыма женип чыгат.
МС
Негизинен райондогу баардык оорукананын башчыларна текшерүү жүргүзсө жакшы болмок! Менда уккам айылдагы медсестраларда ФАПка жумушка кирүү үчүн акча берип киришет экен.Акчаны аркандай жол менен алышат экен кээ бирөөсүн баштапкы айлыктарын аз-аздан берип алат экен кыскасы эптеп жолун табып акча алгандар бар экен!
Нурбек
Марипат сизге окшоп тек кой жон кой ушакчы деп журуп ушуга келди жеп жутуп бутту булар иштен алыш кк срочно буларга окшогон жеп жутарларды
Алтынбек
Сен кордунбу ,бердинби,озуна карап суйло,орусан жормолоп кечен керек карап койгула деп,Лейлектиктер коралбайт,аркандан суйлооонду еле билишет,ошончо крутой екенсин иште,диванный критик болбой.Корунуп еле турбайб чоондордун иши екенин,башка бироунун выборына керек болуп жатат ушунча адамдын голосу.ойлон
Марипат
Сын былжыраба мана! Оозунду жаап отур. мен озум билем
СНг
Акылы пас катын экенсин
Марипат
ой тооба лейлектиктер тазаям ушакчы катынсынар го. тым койгула иштесин Сайругулду мынча короалбайсынар бузукулар
Аня
Ким коро албайт эле аны жеп жутар,Сайрагулду кетсин алда ордун бошотсун!
Коммунизм
Сайрагулду ким коро албайт озунун кадырын кетирди акча алып,озуну которуп тепейип,кетсин алда жеп жутар!
Айнагул
Бул эжелер оз укуктарын коргоп чыгышты,бизден кийинки муундарда ушундай болбосун,чындык бар жерде адилеттуулук жок озу,ким коп акча берсе ошону коюшат,билими менен ченелбейт бизде,ак иштеген таза инсан келуусун кутобуз!