Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда

12.05.2020 16:50
13796
Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда


Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.


Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.


Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, - деп жазылат арызда.


Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.


Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  


Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Пикирлер (26)

Коопсуздук коду
Кожаалы
Абылгазыев кетсе кетет бул киши кетпейт , коллективде ынтымак жок , төрт мед сестрага эле керекпи .
Гулханай
Мен бир жылдан бери чыркырап ыйлап журом. Иним 44 жаш караганда Врачтардын шалаакылыгынан коз жумуш. 6 баласы жетим калды. Эч Ким жоопкерчилик алгысы жок. ЭКГ аппаратын бекитип кетпегенде аман калмак деп
Гудханай
Толугу менен кошулам.
Аяна
Мындай жашоодо эмне учун жашап жатабыз жана Ким учун деп озубузго суроо берели.Мен мисалы балдарым учун жашайм,алган буюм терим,жасаган жакшылыктарым,сооп иштерим,уйлорумда балдарым учун деп жашайм. Балам учун баарына даярмын канчадык денгээлде болсода. Бирок оору бул такыр башка нерсе. Татыктуу медик келбей акчага келгендин колуна калган менен бала бакчанын айырмасын карап корунуздор эми. Айрыкча бугунку кундо.Тообо
Нурила
Он жылдан бери медиктердин канын сойбой ичкен канкор главврач канча арыздарды жаап койду,профсоюзду дагы текшерсин,жуда байыган булар куструш керек