Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда

12.05.2020 16:50
13797
Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда


Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.


Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.


Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, - деп жазылат арызда.


Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.


Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  


Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Пикирлер (26)

Коопсуздук коду
Абдибахапова Буубатма
Оа ошондой акчага азгырылып кеткен киши деп угуп журом, озуно жакпаганын эле жумуштан алып сала берсе болбойтта, ошон учун ордуну бошотуп келечектеги жашыраак балдарды коюш керек деп ойлойм. Ошондой эле ордуна коюлган врач созсуз турдо кыргыз болуусу зарыл.
Мед
Кыргыз болууму шарт эмес эже же Кыргызстан жараны болгону учун кыргыз боло береби? Ар кандай адам болуусу мумкунда, главныйсы ыймандуу, жакшы врач болсо болду!
Мая
Сиздин пикиринизди урматтайм,анткени кыргыз болобу же башка милдет спровидливый болуусу зарыл,Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаран имеет одиноковве права
Датка
Как вас не было страивает сразу любите грязью обливать, раньше где были? Если серьёзных проблем было бы их ни кто не держалбы поверьте. Я лично работала и перевелась в Бишкек по семейным положением, как врач я главврача уважаю и он больницу поднял по сравнению до него существенно. Своих не уважаете чужие вам гореть не будут
Салиха
Наконец-то лёд тронулсЯ, молодцы кто не по-боялся написать письмо, беспредел доится уже давно, зажрался в доску, скоро лопнет, надо очищать общество от таких тварей....