Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

15.01.2021 19:27
20105
Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура  Садыр Жапаровдун  активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалым болгондой 15-17-ноябрда Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасына мамлекеттик кызматкерге кысым көрсөткөн видеосун жүктөгөн.


"2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен кошо Ысык-Көл облусунун прокурорун коркуткан. Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин баштарын кесип, көздөрүн чукуп, тиштерин күүп алыш керек деген. Кийинчерээк ал Каракол шаардык сотуна кирип, видео кайрылууну тарта баштаган, анда сотту жана прокуратуранын башчысын коркуткан. Мына ушуга байланыштуу ага карата кылмыш иши ачылды. Кашкарбаевге карата "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди Башкы прокуратурадан.


Башкы көзөмөл органы ошондой эле 16-ноябрда Бакай Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип келип, соттор менен ызы-чуу кылганын билдирди. Ал болуп өткөн окуялардын бардыгын видеого тартып алган.


Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Эркин
БАКАЙ БАКЫЛДАП,БЕСПРЕДЕЛ БОЛУП КЕТТИ ЭЛЕ,ЭМИ АНЫН ТИЗГИНИН МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ТАРТЫШ КЕРЕК!
Бек шеф
Прокуратура мындай жол мн коркута албайт кайра андан да кучтуу активистер чыгат Жана куч органдарындагы былыктарды ашкере кыла берет.
Кубан Сагынбеков
Кыргызстанда жарандык козомол керек Бакайдай болгон азаматтар копту чечет прокуратура сот фин пол буларды текшеретурган орган жок ошондуктан жарандык козомол жана жар журналистер
ПолитКритик
Ооба чересчур басымдык кылганы туурамес. Необразованный озун ушундай корсотмок.
Айзада
Бакай сооп болот сага, ошону кормоксун, "тантык эле тантык"- деп элди жамандап, Садырды Мактап журдун эле эмне болдун Эми?! Мелис Аспектов да эмне болду? Эми Садырдын колдоочулары Силер Садырга керегинер жок, анткени шайлоо бутту!