Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7053
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Запар
Кечириш керек
Гулнар
Акаевдин келишине каршы эмесмин, анын билимин аз болсо да колдонуп калыш керек деп ойлойм.Акаевди биз кубалап жибергенибиз менен анын дуйнолук билим чойросу ото сыйлайт.Ал эми Бакиевди кайсы кылыгы учун кечириш керек, балдарыбызды атьырганы учунбу, Аксыда да ошонун приказы менен ок чыккан, ал кезде ал премьер болчу
Акжол Амираев
Ооба сөөгү талаада калбасын
Маматкулова Шахзаада
Кечиримдуу болуш керек,ооба,Кыргызстанга келишсе каршы эмесмин.
Канат Шаршекеевич
Жеген Ичкенин алтыгдарды ташып алып кетсе силерге баары бир болсо мага баары бир эмес эки союз тарап кеткенде казынада алтын бар ал кайда аз өлчөмдө эмес болчу ал жер жутуп кеттиби элди сыйлабананы кийинкилерге сабак болсун