Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7084
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Руслан
Канткендеда биздин Эл башында турган кишилер. Менин ойум АЛЫП келсек. Эл жузуно дунуйо жузуно жакшы болуп. Олкобуз онукмок
Азиза
Кечирүү
КОШОЕВ Каныбек
Экөө биригип кытайга болгон карызды төлөсүн да, келе беришсин. Ошондо ????% эл кичирет деп ойлойм.
Арапова Ырысбу
Кыргыз элиме азда болсо кадыры синген инсандар аларга каршылыгым жок ар пенде катачылык кетирет.
Уланбек
Буларды кечирип кечирбегенде эмне пайда ,андан коро Кыргызстанга алыпкелип 1000деген жумуш оорду менен камсыз кылатурган завод фабрикаларды салдырыш керек уурдаган акчасына.