Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7082
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Жеенбек
Келсе туура эле болот.
Алиев камыт
Буларда айып жок жанидаги чооборулордо айып кечиримдуу болгон Аллага жагыптыр
Маматсабыр Турганбаевич
Кечирдим
Венера
БОЛБОГОН СӨЗ АТАЙЫ ЭЛДИ БЕТИНЕ ЖАМЫНЫП, УШУЛ ТЕМАНЫ КӨТӨРҮП ЖАТАТ. БАКИЕВ КЕЛСЕ МАМЛЕКЕТ БАЯГЫ АБВЛЫНА ТУШОТ
Нурланбек
Кытайда олум жазасы киргизилгенге чейин корупция ото кучтуу болгон экен. 2005-жылдары Кытайда орто айлык 50долорды тузгон. Акаевди,Бакиевди чакырып адилеттуу сот откоруш керек. Оздору айткан,ким олтургон ким жегендерин ачык билишет.