Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7085
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Гулина Алканова
Акаевди кечирсе болот
Мистер Х
Экөөн тең эле айта бериңиз.Бакиев деле Кыргызстандын экономикасын көтөргөн.
Кыргыз
Бакиев сөзсүз келүүсү керек. Кечирим сурай тургандай жаман иш деле кылган эмес. Баары атайын уюштурулган башаламандык болгон. Бакиев эң жакшы иштеген президент болду.
Венера
Күнөөсү жок болсо эмнеге качат??
Кубат
Мен колдоймун келишин жанылбас жаак мудурулбогон туяк болобу дегендей
ооба
ооба келишсин
Эргешова Мастура
Акаев мн Бакиев да жакшы иштешти коп озгоруулорду киргизген жашоо жакшы болгон алардын президент убагында буларды да айланасындагы короалбас адамдар эле бут тосуп коюшту.мисалы Бакиевке Текебаев Атамбаев Отонбаева ж.б жеп чычарлар Кыргызстанга келселер болот