Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7684
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Бактыгул
Кечирүү керек, деп ойлойм...Кыргыз эч качан оз Элин бөтөн жерге таштаган эмес керек болсо,,,(өлсө сөөгун даагы) Бул жалган дуйнөдө баарыбыз эле, коноккпуз, бугүн бар, эртең жок.! Өз учурунда бул адамдарды да, Мына ушул "Эл,,өзубуз шайлаганбыз,,, эми өзубуз кечирүүгө акылуубуз.!!!