Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7154
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Кенже
Албетте кечирем Акаев келсе эли деле сагынып калды Бакиев болсо ал кишинин да колдогону бар да .
Жумагулов Илгиз
Жок, кечирбейт
Агроном
Кыргыз элинен кечирим сурап, уурдагандарын кайтарып берсе Акаевди кечирсе болот. Ал эми жаштардын канын ичкен Бакиевди кечирүүгө болбойт!
Asan Zholdoshov
Жок качкан ажолор келбесин элдин кыжырын кайнатып менин оюм.
Жумгал уулу Алмазбек
Өз өлкөсүнө келип мыйзам чегинде жооп берсин.