Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?

28.12.2020 09:42
7153
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Айкөл кыргыз эли Акаев менен Бакиевди кечиреби?


Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолукканда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрүлгөн эле. Айрым аксакалдар “сөөгү талаада калбасын” дегенге чейин барган. 


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзгөн. Кыска аралыкта 300гө жакын ар кандай пикирлер келди. Айкөл кыргыз элинен айланса болот экен. Басымдуу көпчүлүгү Акаев менен Бакиевди кечирип, алардын Кыргызстанда жашашын каалай турганын билдирди. “Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?” деген суроого жооптун жыйынтыгы төмөндө:


- Ооба - 670 добуш (65,24 %);

- Жок - 357 добуш (34,76 %).


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (36)

Коопсуздук коду
Тиленов сапарбай
Келсин
Чолпон
Акаев келсин Бакиев жок
Жуманазаров Медетбек
Ким кечирсе Аллах аны кечирет. Туура экономикага келтирген зыяндарын эсептесек Атамбаевдикине жетпептир. Акаевдин дуйнолук денгээлдеги билимин авторитетин кыргыз элине колдонсо ото сонун болот. Ал эми Бакиевдин ондурушто тажрыйбаларын ал аркылуу белорус тракторлорун, айыл чарба шаймандарын алып келсе болот. Эки аксакал карыды келишсин.
Арчагул
Кечируу керек деп ойлойм...Бакиевди жаштардын канын ичкен дегенге кошула албайм аны Отунбаева жана Атамбаев Текебаевден сураш керек деп ойлойм Бакиевден жаман кылмышкерлер булар.Куноосу болсо оз элинде отосун далилдешсин. Бакиевдин убагында карыздар кыскартылган жакшы жактарын корбой эле жаман жактарын эле айта бербестен эки тараптуу каралса деп ойлойм.
Касиев Эркин
Качан карыз азайды эле , ошол канкорду сагынып атсаң , артынан кет
Куба Тажибаев жок кечирбейбиз
Жок кечирбейбиз
Карбеков Садыр
Созсуз кайтып келиш керек.Соогу ботон элде калбашы керек.