Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок

22.12.2020 10:43
23625
Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок


Текебаев - Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң алдыңкы, эң чыгаан лидер! Мен Текебаевди Улуттук лидер катары тааныйм. Анткени ал Ош, Жалал-Абад, Бишкектин же бир аймактык эмес, Улуттук деңгээлдеги, республикалык масштабдагы лидер. Анын колдоочулары Кыргызстандын ар бир көчөсүндө бар. Түптүн эң алыскы айылынан тартып Кулундуга чейин издесеңиз Текебаевчилер өз позициясында турушат.


Ал ар бир максатын, багытын элге түшүндүрө алат, анын душмандары дагы сөзүн угуп, ээрчип кетет. Бул чыныгы лидерлик сапат. Саясатта укмуш сонун адамдар бар. Текебаевден бай, билимдүү адамдар бар. Бирок, бир партияны эмес, 10 адамды ээрчите албагандар көпчүлүгү.


Өзү айткандай Текебаевди үлгү кылып көрсөтүшүңөр керек. "Саясатчы болсоң ушундай бол", - деп. 2002-жылдан бери Айгүл Текебаева кредит алып майда-чүйдө ишкерлик менен алектенет. Бизнес деле эмес. 10 жыл мурда офис салган, ошону ижарага берет. Ажыдаарлар улам-улам текшергендиктен ар бир кредит алганы, төлөгөнүн бүт квитанциялап, топтоп коет экен. Эгер Айгүл Текебаеванын ордуна башка бирөө болсо күйөөсүнө таянып 10 соода борборун, 10 ресторан салып Дубайдан 3 комната квартирага, кымбат унааларга ээ болмок. Начар бизнесмен же мыйзам бузгандан коркот. Мен жеке Текебаевдердин үй-бүлөсүн дайыма үлгү кылып айтып жүрөм. Элдик адам болсоң ушундай бол.


Өмүрбек Чиркешович, туулган күнүңүз менен куттуктайм! Аманчылык, ден соолук жана ийгилик каалайм!


Жакшылык Бердибек уулу

Пикирлер (19)

Коопсуздук коду
Айгерим
Биринчи жалап тазалап алып анан куттуктайын дединизби 😫
Венера Асанова
Тарыхтын ар бир куну Жана ар бир барактары Текебаевдин чыныгы лидер, кучтуу саясатчы экенин айтып турат. Чындыктын символу катары билебиз.
Нур
Каяктагы жомокту айтпачы Текебаев Кыргызстанды жеп түгөтүп жок кылган акмак шакал ушул болот
Кыргыз
Апаңы атаңан ажыратты беле
Өмүрбек Чиркешович
Текебаев 2010-жылдын 7-апрелине чейин жадагалса пирожкиге акчасы жок жүргөн.7- апрелден кийин укмуш байлыкка заматта жетти.Эми кантип жеткенин элдин баары билет.Студен кызынын эле элиталык квартирасы 300кв.м.экен.Жащ кыз кантип алды мындай батири деген суроо жаралат?Автор сен элди эч нерсе билбеген келесоо ойлойсуңбу.Текебаев эл бузар,кара мүртөз,көралбай адам.Ошону кумир туткан сен да бир көрпенде турбайсыңбы!!!
Булат
Эээн так силер айттынар!👍 молодец!
Суйун Жумашева.
Сен кайдан билесин. Булардын байлыгынын баары чёт олкодогу оффшордо. Келесоолор эле уурдабайт деп карап отурбай эле тонналаган алтындарды чет олкого чыгарып кеткен. Курулай мактабай эле кой.