Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок

22.12.2020 10:43
23624
Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок


Текебаев - Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң алдыңкы, эң чыгаан лидер! Мен Текебаевди Улуттук лидер катары тааныйм. Анткени ал Ош, Жалал-Абад, Бишкектин же бир аймактык эмес, Улуттук деңгээлдеги, республикалык масштабдагы лидер. Анын колдоочулары Кыргызстандын ар бир көчөсүндө бар. Түптүн эң алыскы айылынан тартып Кулундуга чейин издесеңиз Текебаевчилер өз позициясында турушат.


Ал ар бир максатын, багытын элге түшүндүрө алат, анын душмандары дагы сөзүн угуп, ээрчип кетет. Бул чыныгы лидерлик сапат. Саясатта укмуш сонун адамдар бар. Текебаевден бай, билимдүү адамдар бар. Бирок, бир партияны эмес, 10 адамды ээрчите албагандар көпчүлүгү.


Өзү айткандай Текебаевди үлгү кылып көрсөтүшүңөр керек. "Саясатчы болсоң ушундай бол", - деп. 2002-жылдан бери Айгүл Текебаева кредит алып майда-чүйдө ишкерлик менен алектенет. Бизнес деле эмес. 10 жыл мурда офис салган, ошону ижарага берет. Ажыдаарлар улам-улам текшергендиктен ар бир кредит алганы, төлөгөнүн бүт квитанциялап, топтоп коет экен. Эгер Айгүл Текебаеванын ордуна башка бирөө болсо күйөөсүнө таянып 10 соода борборун, 10 ресторан салып Дубайдан 3 комната квартирага, кымбат унааларга ээ болмок. Начар бизнесмен же мыйзам бузгандан коркот. Мен жеке Текебаевдердин үй-бүлөсүн дайыма үлгү кылып айтып жүрөм. Элдик адам болсоң ушундай бол.


Өмүрбек Чиркешович, туулган күнүңүз менен куттуктайм! Аманчылык, ден соолук жана ийгилик каалайм!


Жакшылык Бердибек уулу

Пикирлер (19)

Коопсуздук коду
Тиленбаев Туралы Абдыкадырович
Омурбек Текебаев чындыгында улуттук лидер. Бул кишинин басып откон жолу Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат деп ишенем. Туулган кунунуз менен урматтуу Омурбек Чирккшович.
Кенже
Мен да колдойм Аман болунуз
Кенжебек
ИЙГИЛИК
Раим
Омурбек Чиркешович туулган кунунуз кут болсун . Сизге чын ден соолук узун омур уй булолук бакыт каалайм .
Назира Зарлыкова
Туулган кунунуз кут болсун. Мен да жогору баалайм.