Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок

22.12.2020 10:43
23628
Текебаевдин аялы 10 соода борборун, 10 ресторан салып, Дубайдан 3 комната квартирага ээ болмок


Текебаев - Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң алдыңкы, эң чыгаан лидер! Мен Текебаевди Улуттук лидер катары тааныйм. Анткени ал Ош, Жалал-Абад, Бишкектин же бир аймактык эмес, Улуттук деңгээлдеги, республикалык масштабдагы лидер. Анын колдоочулары Кыргызстандын ар бир көчөсүндө бар. Түптүн эң алыскы айылынан тартып Кулундуга чейин издесеңиз Текебаевчилер өз позициясында турушат.


Ал ар бир максатын, багытын элге түшүндүрө алат, анын душмандары дагы сөзүн угуп, ээрчип кетет. Бул чыныгы лидерлик сапат. Саясатта укмуш сонун адамдар бар. Текебаевден бай, билимдүү адамдар бар. Бирок, бир партияны эмес, 10 адамды ээрчите албагандар көпчүлүгү.


Өзү айткандай Текебаевди үлгү кылып көрсөтүшүңөр керек. "Саясатчы болсоң ушундай бол", - деп. 2002-жылдан бери Айгүл Текебаева кредит алып майда-чүйдө ишкерлик менен алектенет. Бизнес деле эмес. 10 жыл мурда офис салган, ошону ижарага берет. Ажыдаарлар улам-улам текшергендиктен ар бир кредит алганы, төлөгөнүн бүт квитанциялап, топтоп коет экен. Эгер Айгүл Текебаеванын ордуна башка бирөө болсо күйөөсүнө таянып 10 соода борборун, 10 ресторан салып Дубайдан 3 комната квартирага, кымбат унааларга ээ болмок. Начар бизнесмен же мыйзам бузгандан коркот. Мен жеке Текебаевдердин үй-бүлөсүн дайыма үлгү кылып айтып жүрөм. Элдик адам болсоң ушундай бол.


Өмүрбек Чиркешович, туулган күнүңүз менен куттуктайм! Аманчылык, ден соолук жана ийгилик каалайм!


Жакшылык Бердибек уулу

Пикирлер (19)

Коопсуздук коду
Саламат
Мыйзамсыз баюуу менен камалат окшойт Текебаев
Савринса эже
Текебаев өзү жебейт, башканы да жедиргиси келбейт. Тарыхта калчу инсан.
Тугол
Туура
Эсен
Ден соолук ишине ийгилик.
Турат
Эми ошондо, Текебаев эң таза жана өтө чыгаан инсаны?
Эркинбек Сагыналиев
Омурбек Чиркешовичтей таза инсан жок.Туулган кунунуз менен!!!.Коп жашаныз, сиздей инсан кыргыз элине аба менен суудай керек.Денсоолукта болунуз.