Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт улуу муундагы адамдарды иштен толук бошотуу зарылдыгын эскертет

26.03.2020 17:21
920
Өкмөт улуу муундагы адамдарды иштен толук бошотуу зарылдыгын эскертет


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагындагы улуу муундагы адамдарды өзгөчө абал режимиде аралыктан иштөөгө которууга же иштен толуугу менен бошотуу керек экенин эскертти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы тууралуу маалымдап жатат. Ал эми, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерди ташууну уюштурууга милдеттүү экени айтылды.

 

Өз кезегинде жарандарга мүмкүндүк болсо онлайн-сервистерди колдонуу сунушталат.


Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында бардык чечимдер жарандардын коопсуздугу үчүн көрүлүп жатат.


“Барынан биринчи бул калктын аярлуу катмарына жана улуу муундун өкүлдөрүнө тийиштүү. Инфекциянын кеңири таркалышын токтотуу боюнча күч-аракеттер менен катар, Өкмөт инфекциянын жугуу тобокелдиктерин максималдуу түрдө азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат. Аларга мамлекет жана жеке менчик түрүнө карабастан бардык түзүмдөрдүн жетекчилери гана эмес, жалпы жарандарыбыз, алардын туугандары жана жакындары да кам көрүүгө тийиш, - деген Премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн