Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

30.11.2021 19:42
12555
"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

Ээ, таңгөрүү десе, заманың кургур. Угуп жакаңды кармайсың...

Канча деген депутаттыка талапкерлер үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, сатып, миллион деген акчаларды карызга алып, өтпөй калышып азыр ооруп ооруканага жатып калгандары бар экен. Күлкү эмес, ыйлай турган жагдай. Ошолордун кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз дешип кара ойлорун ишке ашырабыз деп жатышыптыр. 

Бир региондо утулуп калган кандидаттар, өзүбүздүн кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай добуштар чачырап кетип эми ошол региондо жашаган башка улуттун өкүлдөрүнө силерге көргөзөбүз дешип жатышыптыр. Кыйраттыңар, шайлоодо утулсаңар башка улут күнөөлүүбү?

Өмүрүндө он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта жүрүп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен эчак чыккан талапкерлер да жүрүшөт дейт ызылдашып добушум уурдалды дешип. 

Таңгөрү, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо. 


Күтө туралы, дүрбөлөңгө алдырбайлы, кол менен эсептөө бүтсүн, бүт тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун. 


Урматтуу шайлоочуларым, сиздерге рахмат, таазим этем акчасы жок мени көтөрүп алдыңыздар. Кудай буйруса ишеничиңиздерди актайм. Ар бир берген добушуңуздар мага аманат, ар бирине күрөшөм, барктайм. Өзгөчө таасирленткен мага чалып, мени шайлайм деп күндүн суугуна карабай Бишкектен атайын башка регионго барып келген Бактыгүл апага рахмат. Сиздей тарапташтарымдын ар бириңиздердин добуштарын жерде калтырбайбыз. Баары мыйзам чегинде болсун.


Медер Алиев, Жогорку Кеңешке "Ишеним" саясий партиясынан талапкер

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Медет
Ассалам алейкум! Тарыхта биринчи жолу таза шайлоо отту деп септейм, кыргыз эли тушунуп жетти кыргызстандын сазга мурдуна батып жатканын, ошондуктан Медер Алиев ге окшогон ак иштей тургандарды тандады. Эми эл учун иштеп бер!
Рашид
Сендей балдар жогорку кеңеште көбүрөөк болсо жакшы болот эле.
Ураим
Медер иним кыргыз элинин бактылуу келечеги үчүн ак иштеп бер, биз сенин шайлоочулардын сага ишенебиз.
Ибрагим
Эн жакшы эми элге иштеп Карапайым элге кызмат кылыныз Акжол сиздей Чечкиндуу кучтуу Кыргызымдын Эр Азаматтары коп болсун Ак Жол ишинизге ийгилик
Исамидинова
Сразу видно что он очень умный человек я видел интервью очень глубокомыслящий ,нам нужен такой представитель народа мы за вас!!!!