Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дарига Назарбаеванын ордуна сенатка жаңы депутат келди

04.05.2020 18:21
950
Дарига Назарбаеванын ордуна сенатка жаңы депутат келди


Казакстандын Парламентинин сенатына Дарига Назарбаеванын ордуна Маулен Ашимбаев депутат болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев тийиштүү чечимге кол койгон.


Ал эми башка буйрук менен Маулен Ашимбаев  Казакстандын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулган.


Эске салсак, буга чейин Дарига Назарбаеваны Казакстандын Парламентинин сенатынын төрагасы кызматынан бошотулганы айтылган. Ал эми саясат таануучу Бакыт Бакетаев Дарига Назарбаеваны Казакстандын Сенатынын Жогорку палатасынын спикерлик кызматынан алуу, депутаттык мандатынан ажыратуу чечими президент Касым-Жомарт Токаевдин саясаты эмес, атасы, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу болду деген пикирин айткан.


Ошондой эле, саясий талдоочу Шерадил Бактыгулов Дарига Назарбаеваны кызматтан алуу менен Токаев өзүнө болгон элдин ишенимин күчөттү деп билдирген. Мындан сырткары, саясий серепчи Марат Казакпаев Назарбаевдердин эпохасы бүткөнүн, коңшу өлкөдө эми жаңы саясий элита келерин айткан. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн