Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16506
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Бахаридин
Эгемендуулуктун баркын билбеген малдар, кул болуп жургон жагабы? Канча улут журот оз жери, мамлекети жок.
Рыскан Аскарбековна
Эгенмендуулук алганыбыз кайсы мен Россияда иштейм бирок, ото колдобойм 2200 жылдык тарых кайра тебеленет экенда
Баатырбек
Кытайга откучо конгон Россияга ыктаганыбыз он го бул менин жеке пикирим
Медет
Он не своём уме фу ???????? кул болуп отуп кетебиз андай болсо кыргыздын баары каршы каршы эместер рассиянын гражданствосун алып кете бергиле ойлонуп суйлосонор
Ш Э
Эч качан!!! Эгемендуу болгонубузга шугур! Олкобуз онуго турган кундор алыс эмес буйруса.