Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16507
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Борукулов Шамурза
Кошулуш керек, Кыргызстандын келечеги үчүн болсо да.
Айгул Абаралиевна
Ал жагын да карап корсо болот. Кытайга жем болгуча Ким каалабаса айлык маянасын жонотуп, Квргызстанды карыздан арылтсын. Бул маселенин талкуулануусу мага жакты.. Бул деген соз Квргызстанды туулган жерди кечуу эмес, бунунун теренинде эмне жатканын ойлонуу
Жибек
Кытайдын кулу болгончо Россиянын жараны болуп закондуу турдо жашаган он.Кыргызстан онолбойт.Эл умутун узгон.
Эрбол
Өзү оруссияга барып жашай берсин.
Иса
Элчи озу кул болсо барып кул боло берсин