Бугу 07, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16508
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Садыбакасова Асель
Колдойм
Байыш Абизов
Россияга кошулуунун кереги жок, Башка мамлекетке көз каранды болуунун пайдасы жок,
Назгуль
Колдойм
Максат
Непременно
Мен макулмун
СССР убагында мен эң бактылуу адам болчумун , азыр 30 жылда эл түшүндү эгемендик элибизге нааразылык алып келди , Кытай башкарып калат бизди , анткени биздин бийликтегилер кредит алганда ошендойго макулбуз деп келишимге кол коюп салыптыр 5 чиде бешө деген 5 каналда Акылбек жапаров ушуну тастыктап берди . СОЮЗГА кошулсак ата бабавыз жашаган жерде дагы каалагандар жыргап жашайбыз .