Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16509
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Талимов Байышбек
Мадумаровду президенттикке алып келсек буйурса азыркы балчыктан чыгып кетебиз деген умут бар.
мадумаров саткын
Эшектин тушоосун чече албайт адахамжонуң
Халида
Россиянын тармагына кошулганды колдойм Кыргызстан корупсияга батып калган Бизде кучтуу президент чыкпайт Ишеничтен кетип калышкан Депутаттар болсо жеп жутарлар Мына жаштардын баардыгы россиялап тирилик кылып журушот . жок дегенде ар бир уй булодон бир адам россияда иштейт.уй булосун багып жатат.
Глаша
Туптуура айтасыңар.
Бакыт
РФте коррупция жок дейсиңби? Милициянын полковнигинин үйүнөн 2 тонна акча наличка кармалган.7 миллиард рубль. Кыргызстаныбыздын эркиндиги кымбат турат бир тууганым. Жакшы нээт кылалы, баары болот. Москва дагы бир күндө курулган эмес.
Улукбек
Холида эгемендуулук учун жанымды берем.
Курманбек
Таптакыр каршымын башыңарды иштеткиле 30 жыл карыз алып Мамлекетти карызга баткырып эми кошулган атасыңарбы айбандар биз итак эле акыркы сорт болуп калдык элдердин арасында кошулсаңар астыга жатып эле аласыңарго партияны жоюп салгыла мээңер жетпейт жеткенде эмес чимкириктер!!!
Абдисалам Аширов
Эгемендуу болгон жакшы .Кучтуу призидент таза бийлик тандап шайлашыбыз керек.Россия менен ынак жашоо керек.Евро саюз деле жакшы
Патриот
.Кыргыз эгемендуу болуп эле жашайбыз.Аттокуров келбей эле койсун Кыргызстанга.Кошулсан проблема чечилбейт.ушул ахвалдан да томон тушобуз.Коз каранды болуп.Орусиядагы омондор бул жакка келип кочугуно тепкилесе тушуносунор.
Бакыт
Мен сиз менен макулмун. Эркиндикти баалаш керек.
Гүлбарчын
Мадумаровду президенттике алып келүү' жана темирдей тартипти орнотуу же россиянын курамына кошулу ушул эки гана жол калды бизде
Уланбек Саякбаев
Абдысалим Мырза туура айтасыз. Бизге кучтуу президент керек, ошондо кана тен ата боло алабыз , коншу мамлекеттерге. Болбосо ооба манкабызды агызып журсок, корунгон мамлекеттерден карыз акча ала берсек, анан айтышатта кошулабыз деп. Мумкун жашообуз онолуп кетер деп.
Насредин уулу Икрамбек
Орустарга кошулуу менен эч качан онукпойбуз, 2-сорт болуп журо беребизби ? Биздин ата-бабаларыбызды канчасын репрессияга алышкан жана Уркунда сабак болгон эместей авторго! Россияга кошулуу - бул кулчулуктун дагы 200-300 жыл болуусу деген.