Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8425
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Уланбек
Ото соонун болмок карапайым калкка. Мыйзамды колдоп беришсе жакшы эле. Он рулдуу машина ынгайлуу айдаганга.
Чоро
Тура озубуз машина жасабасак россиянин чириген машиналарын эмне кылабыз япониянын машинасы жаны жакшы уруксат берсин
Жумашов Замирбек
Эн туура ойду айтыптыр. Биздин авто базардагы эски унаалардын баасы кымбаттап кетти. Он рулду унаалардын негизи сапаты абдан жакшы деген ойдомун. Европанын унааларынын баасы асмандын башында,ал эми жапон унааларынын баасы биздин чонтокко ылайыктуу жана сапаты мыкты.
382
Туура Россиядан жакшы машинер келген жок
Куба
Эн туура болмок орустардын чириген машинасынан тажадык