Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8428
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Аадам Аадамов
Ээн туура уруксат беруунорду туура деп эсептейм
Ороскулов
100% Колдойм! Он рулдуу машинелерди япониядан туз алып келинбей, РФнын чирип калган машинелерин ташып жатат элдер, бул элибиздин коопсуздугун сактабайт! Тескерисинче, кооптуу кырдаал тузулгон! Уруксат бериш керек!
Маматов Талантбек
Эн жакшы маселе ушул болду Сонун болот
Нурдин
Уруксат бериш керек
жакшы болот эле,машиналардын баасы ото эле кымбат болуп элге кыйын болуп жататыйв
жакшы болот эле,япошкалар кирбей машиналардын баасы асманга чыкты.Карапайым элге кыйын болду.