Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8648
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Жетигенов Рамазан
200 пайыз колдойбуз
Актан
Кош колдоп колдойбуз! 200% туура сунуш, бул сунушту четке какпаш керек. Япониядан аябай таза машиналар келет, экологияга да зыяны аз.
Эмиль
Биздин окмот элге жакшы шарт тузуп бериш керек, тескерисинче бут тозбой. Ар бир жараан каалаган олкодон, каалаган руль менен автоунаа алып келип, колдонгонго укугу болуш керек.
Эмилбек Бакаев
Улуксат беруну колдом
Жолболду
Колдойм толугу менен