Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8431
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Рапысов Руслан
Мен колдойм 7жылдан бери Айдап жүрөм
Нурлан Усон уулу
Туура маселе, азаматсыз машина аябай кымбат сырттан келсе бир аз арзандайт еле
Сейтказиев Эрнест
Албете уруксат бериш керек орусиянын мусурун ташыбай японский жаны гибридтерден ташыйлы экологияга дагы жакшы
Асилбек Алибаев
Жакшы болот эле,туз эле япониядан алынса.10 жылдык стажым бар он рулду машинеде
Медеров Батырбек
Колдойм. Себеби: Россия,Абхазия, Армения, Грузиядан сузулгон, чириген машиналарды оңдоп түзөп коюп эле алып келиш үйдө!!! Япония, Кореядан андай машиналар келчү эмес, ушул убакка чейин абалы жакшы бойдон турууда!