Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16651
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Кожомкул
Биригишкерек
Кг
Сказочный далб*️⃣*️⃣б
Эгемендике жете албай жургодор канча биз ошону колдоно албай атабыз!
Эгеменге жете албай жургондор канча
Эргешова Айнура
Татыктуу президент шайлап алсак эле жакшы болот эле,ак уйдун ичиндеги озун ойлогон атка минерлерди тазалаш керек,бир даана да уруктукка калтырбай жок кылыш керек ошондо озкобуз онугот кудаа кааласа ин шаллах.
Кыргыз
Кытайга жем болгуча Россияга кошулганыбыз он. Эгемендуулук алгандан бери 30 жылдан бери кайырчынын кейпин кийип, карызга жашап келебиз. 30 жылда онукпогон эгемендуу олко эч качан онукпойт. Карыздарыбызды келечек муундарга калтырсак, алар бизди эч качан кечиришпейт.