Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16467
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Баткен
Бул идея туп тамырынан туура эмес. Кыргызстан орус эли менен СССРдин составында болуп онуккон. Азыркы Россия мамлекети - бул тап-такыр башка системада жашап жаткан олко. Бул биринчиден, оз эли жакыр, калкы колдобогон коррупционерлер менен миллиардерлердин мекени, жер байлыктарын сырье катары сатып бай корунгон мамлекет. Кыргызтанды кыргыздын кыраан жигиттери бийликке келип, башкаруу системасын озгортуп, онуккон мамлекеттер менен байланышты кучотуп, эл кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, Конституцияны, мыйзамдарды жандандырып онуктурот.
Бостонов Гульжигит Сабатарович
Эн туура,себеби Кыргызстандын окмоту элди бага албай калды.Жогор Жак албетте.каршылык кылат,бирок балдардын,неберелердин келечеги учун.кошулуу.керек.Менин оюмча элдин 90 пайызы колдойт болуш керек.
Рысалиев Акынбек.
Кошулам дегендер болсо ошол орустарга барып жашай беришсин. Азыр Кудайга шугур Кыргызстан акырындык менен болсода онугуу жолуна тушуп келатат. Элибизде,жергебизде тынччылык болсо эле болду онугуу акырындык менен боло берет. Россияга кошулсак эле жыргап кетебиз деп ойлошот окшойт Эли жерин ойлобогон манкурттар. Урматту кыргыз элим мындай манкурттардын созуно ишене корбогуло.
Белекова М
Кошулуп керек Россия мамлекет Элина кандай багып жатат айлык акы, жолок пулдун туру ж.б женилдиктер коп.биздин олкодон пайда жок! Кошулуп керек!
Алим
Россияга кошулбо керек коз каранды болуп калабыз биздин окмот жакшы иштесе карызды толоп салса болот
Шабиева Гульмира
Биричети суверенитет туу мамлекет болуп кеткенибиз деле туура деп ойлойм.Коз карандысыз мамлекет болуп жыргап кеттикпи?мамалекет бизди бакпай эле биз мамлекетти багып,озубуз менен озубуз жашап келебиз.