Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16468
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Алтынбек Сапаралиев
Мен каршымын президентти депутаттарды эмне учун шайладык жеп жуткангабы мындай оной жол издесенер иштебей эле тапшыргыла кичине мамлеккетти которо албасанар жеп жутуп отуруп ушуга жетипсинерда кичине аракет кылсанар мээнерди жеп жутканга иштетпей тоокендерди иштеткиле сатып жок кылбай Кумтор эле котормок .Туризм которот кыргызстанды жана суу которот мээнерди иштетсенер кичине болсода бекер тамак издебей бекер тамак капканда жеп жутарлар
Асан
Дагестан жыргап, ногойлор куунап калган жок Россияда.
Шарапат
Атандын Гана кору андай Кун Качан келер экен, биз СССР мн тарбичланганбыз, Эми Биздин балдардын келечеги Россия менен Гана жакшы болот , батыраак Россияга кошулсак экен
Самидинов
Канчалаган улуттар оз алдынча мамлекет боло албай журушсо биздикилер бироого кошулабыз дейт. Уят
Айбек Янтар уулу
Садыр Жапаровту чыгаргыла ойду тоону суйлой бербей элди алдайын дединерби кайсыл бетинер менен айтып атасынар