Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

27.11.2020 12:25
15175
Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал  Facebook баракчасына жазып чыкты. 


"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (33)

Коопсуздук коду
Нуржамал
Колдоймун Расмий тил боюнча калганы жакшы
Казыбек
Анда алты тилди расмий тил кылалы.Ой балдарыбыз кыргызча билбей баратышат.Туркияны жада калса озбектерди алалы кыргыз тили гана расмий тил болуш керек улут катары жоголуу коркунучунда турабыз
Шайыр
Уйдо кайсы тилде суйлошсонор балдарынар да ошо тилде суйлошот да албетте
Бактыгүл
Билбей баратса үйрөтүңүз. Балдарыңыздын тилди билбей калса мамлекеттик расмий тилде күнөө жок. Биз чегинүүгө эмес өнүгүүгө барышыбыз керек.
Нурзада
Орус тили биздин экинчи тилибиз.
Апиева Райкан
Орус тили биздин экинчи эне тилибиз. Ал сөзсүз расмий тил болуп калыш керек. Балдардын окуп билим алуусуна чоң рол ойнойт. Канчалаган илим булагын орус тилинен алабыз. Жана биздин өз кыргыз тил бизден эле кийинки сүйүктүү тилибиз.
Кожомамбетов Айдар
Тура орус тил калыш керек