Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

27.11.2020 12:25
15151
Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал  Facebook баракчасына жазып чыкты. 


"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (33)

Коопсуздук коду
Жылдыз Ибраева
Туптуура. Колдойм. Орус тили расмий тил боюнча калыш керек!!! Башка проблема жок калгансып эмне эле орус тилин козгоп калышты кенешменин мучосу☹
Омуров Ренат Болотбекович
Макул, Садыр Жапаров туура айтты, бирок,- Кыргыз тилибизди тебелеп, Кыргыздарга орусча суйлоп, Кыргызча билбейм денег кырдаалдардан алыс бололук! Ансысыз дагы,- идеалогия жок Олкодо!!!!
Утурбаева Мария
Расмий тил болуп калуусу шарт.
Саяк
Орус тилин статусун алып салсанар,100000 миңеген Россиядагы,Кыргызстандагы элди силер багасынарбы , жумуш,эмгек акы менен камсыз кылып, англис тилин окуйм , үйрөнөм дегендер өздөрү деле үйрөнөт
Арзы Асанбаева
Дубандардан келген кыргыз мектепти бүтүргөн жаштар окуу жайларда жумушунда орус тилин билбегендиктен кыйналып жүрүшөт. Кайсы жакшы жумушка барба киргиздер отурат а кыргыздарды орус тилин билбейт деп жакшы жумушка албайт. Эмне үчүн өз элинде өзүнүн тилин ээн эркин колдоно албай кор болушу керек. Эмне үчүн орус тилин билбегени үчүн уят болушу керек.Баардык мекеме ишканалардын иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүлүшүн талап кылуу керек, айрыкча наториустардын кеңсесиндеги документтер баары кыргыз тилинде жазылсын.
Алмаз
Туура айтат