Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:16
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

27.11.2020 12:25
15153
Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал  Facebook баракчасына жазып чыкты. 


"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (33)

Коопсуздук коду
Мурзакматова Нургул
Башка коншу олколор иштоо кагаздарын оз тилинде жургузуп келишет. Биздин мамлекетибизде карапайым калкыбыз кобу докумен иштерине тушунбойт. Ошон учун онугуп оспой коп нерселерден мумкунчулуктору четтелип калып жатат. Болбосо орус мектептердин санын кобойтуш керек. Баткен шаары боюнча 1гана орус мектеп бар. 1 класта 56 чейин окуучу тыгылып окуйт. Кантип биздин туштук жергеси орус тилин оздоштуруп аймагыбызды онуктуробуз. Баткен жери ен арта калган башка жака салыштырмалуу.
Коппаева Гульмира
Эн туура, колдойм! Садыр Жапаров Азаматсыз.????
Турсунбаева.Б.А
Туура,орус тил расмий тил боюнча калыш керек,Россия менен карым катнашты узбош керек.