Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

27.11.2020 12:25
15211
Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал  Facebook баракчасына жазып чыкты. 


"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (33)

Коопсуздук коду
Эля Малик
Эн туура кыласыз. Сиз аябай акылдуусуз. Ьардык нерсеге сиздин акылыныз жетип турат.Артынызда калдайган калын элиниз сизди дайыма колдойт
Урум
Туура калтврыш керек, кээ бир « адамдар» оюна келгенди айта беришет , ойлонбой эле????????????
ЖАНЫЛ БОТАЕВА
МЕНИН ОЙУМ ТУУРА ДЭЭР ЭЛЭМ БИЗ ОРУС ТИЛИНДЕ СУЙЛОСОК ЭЛЭ КЫРГЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛМАК БЕЛЕК БИЛИШ КЕРЕК ОРУСЧА БИРОК БАЛДАРДЫ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАП КЫРГЫЗЧА ТАРБИЯ КЫЛСА БОЛОТ ОШОЛ ЭЛЭ БАШКА УЛУТТАГЫЛАРДЫ ДА БИЗИН МЕКЕНДЕ ЖАШАП ЖАТКАНДАН КИЙИН МИЛЕТТУУ ТУРДО БИЛИШИ КЕРЕК ДЕП ОЙЛОЙМ БААРДЫК ТИЛДИ БИЛСЕ ЭЧ ЗЫЙАНЫ ТИЙБЕЙТ ГО
Динара
Орус тили расмий тил катары калсын.
Бек
Эн туура айтыптыр молодчик