Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 03:02
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

27.11.2020 12:25
15141
Садыр Жапаров орус тилинин макамы боюнча билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал  Facebook баракчасына жазып чыкты. 


"Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. 

Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. 

Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек",- дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (33)

Коопсуздук коду
Наргиза
Эне тилибизда расмий тилибизда кыргыз эне тилибиз болсо
Гулнара
Эн туура!!!
Эгешова Жаңылкан
Менин оюмча ,расмий тил макамы жок эле ,башка элдер менен орусча сүйлөп алака кыла беисек болот да ,же макамды алып салса эле бизди сүйлөбөгүлө деп тыю салмак беле ,Бишкек бүт орусташып кеткен ,Ош тарап өзбектешип жүрөт ,Талас болсо казакташып калган .
Айжамал
Баары кыргыз тилинде болсун. Кыргыз тилин билбей калса уят болуш кк. Калган тилдерди үйрөнүп алабыз. Кыргызстанда жашайсынбы баарына оруска, кытайга, өзбекке кыргызча сүйлөп кете бер. Чет мамлекетке чыкканында кыргызча сүйлөсөң башка улуттан эч ким жооп бербейт го. Чогулуштардын баары кыргызча өткөрүлсүн. Мектептерде араб, анг, орус, түрк тилдерин милдеттүү түрдө окутушса жакшы болмок.
Токтохан
Молодец, Мы знали уже, что он так скажет.