Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8435
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Акжолтой
Эээн туура он руль авто унаа кириш керек бизге россиянин чириген мусору кереги жок мен колдойм итак эле Армения Россия кирип атат го
Жапар
Уруксат берсе жакшы болмок россиянын мусорун ташып бутмой болдуго.япон машиналары сапаттуу таза машиналар келет эле россиянын чириген мусору толду кыргызстанга
Умуралиева Алина
Колдойм!
Abbosbek Husainov
Правий машина кирсе сонун болмок
Кыргыз
Колдош керек