Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8436
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Турат
Он рулду машинлар кирип турганы жакшы болмок азыр карап турсаныз баасы осту елге карапайым элге мумкунчулук болбой калды билинбегени мн экология бузулуп атат канча выброс ески машинадан биз азыр кобурок жоготуп атабыз десем жанылбайм малды деле корсонуздор жаныруу болуп атат алдыга карап жашайлы жаныртып ески бойдон калбаш керек елге да доступный болот кымбат машина елге кыйынырак жаныртуу бул туура калам урматтуу депутаттар
Кулматов Бакыт
Он ролду автоуна алып келгенден коро Кыргызстандын жолдорун ондоп кенейткиле автоуна Кыргызстанда жетиштуулого дейм!!!
аманбек
колдойм
Ташболот амракулов
Оң рулдуу автоунаалар келиш керек сөзсүз. Карапайым элге кыйын болду. Кымбат машинелерге еаражатыбыз жетпейт. Орустар Орустардын чириген машинелери кереги жок.
Равшанбек
Мен 10 жылдан бери оң рулдуу машина айдайм бир да кырсыкка дуушар болбодум. Анан машинам өтө чыдамкай. Оруссиядан келген машиналарды көрүп турам али чириген бузулган элдин чөнтөгүнө зыян эле алып келип жатат. Оң рулдуу машиналарды Кыргызстанга алып кирүүнү колдоймун