Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8653
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Эрнис Манасов
Жакшы болмок он рулдуу унааларды алып келсе Росииянын чириген металломун ташый бербей.
Ренат
Эн туура маселе которду, шаардын авто паркын жанылаш керек россиянын чирик машиналары толуп шаарды каптады
Дооткул Усонов
Авария он солдон эмес айдоочудан да күнөө.Эн туура колдойм.
Марат.Абдуллаев
Же туура япошкалар кирсин.чынында ДТП дар жол эрежесин бузуудан болот.
Залкарбек Азамбаев
Эн туура колдойм эн сапаттуу машиналар японский